super.kg logo
  Саясат  

Өмүрбек Текебаев депутат Кочкоровго: “Сиздин фракцияңыз колдоп добуш бергенде, жаңы өкмөт “Кумтөрдөгү” үлүштү 67 пайызга жеткирүүгө аракет кылмак”  

 

Жогорку Кеңеште жаңы өкмөттүн курамы талкууланып жатат. Депутат Улукбек Кочкоров “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге суроо берди. “Кумтөр” маселеси каралып жатканда "үлүштү 67 пайыз кыла албаган адам - кыргыздын душманы" дегенге чейин бардыңыздар эле. Сиздер сунуштап жаткан өкмөт башчылыкка талапкер "50х50 пайыз туура" деп жатат. Буга эмне дейсиз?”- деди "ата журтчу" депутат. 

Буга депутат Өмүрбек Текебаев өз жообун берди.

“Февралда “Кумтөр” боюнча сиздин фракция кандай добуш берди эле? Сиз "каршы" добуш берсеңиз, башкасы 50х50 пайызга "макул" деп добуш беришкен. Ошонун айынан бул өкмөт "50х50 пайыз деген чечимди аткарам" деп отурат. Эгер сиз жана сиздин фракцияңыз биздин сунушту колдоп, 50х50 пайызга "каршы" деп добуш бергенде, бул өкмөт үлүштү 67 пайыз кылууга аракет кылмак”,- деди Текебаев.

Кочкоров 50х50 пайызга "каршы" добуш бергенин билдирип, ал эми фракциялаштары боюнча унчуга алган жок. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: