Ош шаардык салык кызматынын кызматкери пара талап кылгандыгы үчүн кармалды
Ош шаардык салык кызматынын кызматкери пара талап кылгандыгы үчүн кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы бүгүн, 3-апрелде билдирди.
Маалыматка караганда, Салык кызматында иштеген Ш.Б. аттуу жаран Ош шаарындагы “Турснаб” базарында соода жасап жаткан аялдан патент талап кылган. Бирок ал ошол эле учурда анын патентсиз соода кылгандыгын жаап-жашырууну убада кылып, ал үчүн 800 сом акча каражатын сураган. Милиция кызматкерлери тарабынан аталган жаран акча алып жаткан жеринен кармалган.
Учурда “опузалап пара талап кылуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:44
2025-06-26
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

9:35
2025-06-26

23:03
2025-06-25
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.