Парламент: Депутаттардын сынынан кийин “Кыргыз алтындын” өкүлү Кылычбек Шакиров отурган ордун алмаштырды
Жогорку Кеңеште жаңы өкмөттүн курамы каралууда. Депутаттар “Кыргыз алтын” ишканасынын өкүлү Кылычбек Шакировдун өкмөт мүчөлүгүнө талапкерлердин катарында отурушун сынга алышты. Алтынбек Сулайманов: “Бул киши эмнеге бул жерде отурат, эмне, өкмөт курамына дайындалганы жатабы? Же “Кумтөр” боюнча суроо болсо жооп берет деп чакырдыңарбы?”- деп кайрылды. Премьер-министрликке талапкер Жоомарт Оторбаев “Кыргыз алтындын” өкүлү “Кумтөр” боюнча терең суроо берилсе жооп берет деп чакырылганын билдирди.
Мындан кийин Кылычбек Шакиров ордунан туруп, аппарат кызматкерлеринин катарына келип отурду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

