super.kg logo
  Спорт  

Бүгүн муз үстүндө "Шамдагайлар таймашынын" жарым финалы өткөрүлдү (фоторепортаж)

 
Таймаштагы эстафета оюну.
Свердлов районунан чогулган Бектемир Мамаюсуповдун "Ак муз" командасы өз девизин айтып, ураан чакырышууда.
Оюнда жыгылгандар болуп жатты. Бактыга жараша, эч ким оор жаракат алган жок.
Октябрь районунун "Ак кар" командасы оюнга чыгып жаткан өз өкүлүн колдоп жатышат.
"Бурганак", алга, атаандаштан калба!" деп кыйкырган колдоочулар.
Максат Бегалиев, "Ак кар" командасы: "Мени кыйынсың деп эле алдап профессионалдар менен таймаштырышат. Ага мен ишенип катышып алып, дайыма утулуп келем. Кышында тоо оюндарында жарышып, артта калдым".
Таймаштын жүрүшүндө ойнолгон эстафета.
Жыгылгандар оор жаракат алышкан жок.
Максат Бегалиев дарбазачынын милдетин аркалады.
Максат Бегалиевдин дарбазасына анын атаандашы Бектемир Мамаюсупов шайба киргизүүдө.
Таймашта жаш катышуучулар да мыктылыгын көрсөтүштү.
Өз командаларына жан тарткан колдоочулар кыйкырып, сүрөп отурушту.
Гүлнур Асанова, 1-Май районунун "Бурганак" командасынын өкүлү: "Шаар жашоочулары менен искусство адамдарын аралаштырып, спортко тартуу - жакшы жөрөлгө. Мен мындай таймаштын уланышын каалайт элем".
Токтобек Асаналиев: "Кичине кезибизде конькини чокойго байлап тепчүбүз. Мындай конькини кийгениме 3 күн гана болду. Бирок чимириле тепкенди бутум дале унута элек экен".
Таймаштын катышуучусу, 9 жаштагы Толгонай ийгиликтүү спортчу болууну кыялданат.
Бектемир Мамаюсупов: "Мыкты даярдык көргөнбүз. Алдыңкы орунду жеңгенге татыктуубуз деп ойлойм".
Таймаштын жүрүшүнөн. Катышуучулар мара сызыгына куту көтөрүп жетүү тапшырмасын аткарышууда.
Таймаштын жүрүшүнөн. Куту көтөрүп жарышып мөрөй талашуу учурунда.
Командалык эстафета.
Командасынын мүчөсүн колдогон оюнчулар.
Катышуучулар, албетте, спорт сүйүүчүсүнүн деңгээлинде гана оюн көрсөтүштү. Демек, жыгылуу кадимки көрүнүш катары кабыл алынат.
Хоккей оюну.
Өз командаларын сүрөгөн көрүүчүлөр.
Өз командаларын сүрөгөн көрүүчүлөр.
Таймаштын жүрүшүнөн.
Таймаштын жүрүшүнөн.
Калыстар тобу.
Дарбазага шайба киргизүү оюну.
Оюндун жүрүшүнөн.
Оюндун жүрүшүнөн.
Оюндун жүрүшүнөн.
Оюндун жүрүшүнөн.
Оюндун жүрүшүнөн.
Бүгүн, 3-апрелде Бишкектеги муз аянтчаларынын биринде “Шамдагайлар таймашынын” жарым финалы өткөрүлдү. Ага Бишкек шаарынын 1-Май, Свердлов, Ленин, Октябрь райондорунан түзүлгөн 4 команда катышып, аларды шоу чөйрөсүнүн жылдыздары да толукташты. Алсак, ырчылар Токтобек Асаналиев, Максат Бегалиев, Гүлнур Асанова, актёр Бектемир Мамаюсупов, алып баруучу Саната Жумакадырова өз командалары менен күч сынашты.    
Бишкек шаардык дене тартия жана спорт комитетинин төрагасы Шейшенкул Бакиров: “Буга чейин жайында сууда сүзүү, кышында тоодо кышкы оюндарды ойноо боюнча таймаштарды өткөрүп келгенбиз. Ал эми муз үстүндөгү бул таймаш 3-жолу уюштурулууда. Бүгүнкү "Үй-бүлөлүк" деп аталган таймашка жалпысынан 40 киши катышып жатат. Максаты - ден соолукту чыңдоо жана кышкы спортту коомчулукка жайылтуу. Анткени бүгүнкү күндө спортко жакшы көңүл бурулбай келет”,- деди. Ошондой эле ал салтка айланган бул таймаш каражат которулуп турса улана берерин билдирип өттү. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
03.04.2014. 20:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы жоролго
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: