super.kg logo

Жылнаама, 4-апрель: Мындан 77 жыл мурун коомдук-саясий ишмер Жусуп Абдрахманов камакка алынган

 

* Мындан 77 жыл мурун коомдук-саясий ишмер Жусуп Абдрахманов камакка алынган. Ага "контрреволюциячыл уюмдун мүчөсү" деген күнөө коюлган. Суракка алган тергөөчү Ж.Абдрахмановду ур-токмокко алып, кыйноо жолу менен андан каалаган көрсөтмөнү чыгарууну көздөгөн. Бирок ал кол коюудан жана сурак протоколунан баш тарткан. Акыры ал жалган жалаа менен атылып кеткен.

* 1949-жылдын 4-апрелинде Вашингтон шаарында АКШ, Бельгия, Британия, Голландия, Дания, Исландия, Италия, Канада, Люксембург, Норвегия, Португалия жана Франция мамлекеттери Түндүк атлантикалык келишимге кол коюшкан. Мунун негизинде согуштук НАТО уюму түзүлгөн.

* 1973-жылдын дал ушул күнү АКШнын Нью-Йорк шаарында Бүткүл дүйнөлүк соода борборунун ачылышы болгон. Манхэттенде Эмпайр-Стейт-Билдинг (Empire State Building) курулганча, дүйнөлүк соода борборунун эгиз мунарасы Нью-Йорктогу эң бийик имарат болгон. Анын 110 кабаттуу түндүк мунарасы 417 метрди түзүп, төбөсүндөгү антеннасы менен 526,3 метр болгон. Ал эми түштүк мунарасы 415 метрди түзгөн. 2001-жылдын 11-сентябрында террорчулар басып алган эки жүргүнчү учак кош мунараны сүзүп кыйратканда, 2800дөй адам набыт болгон.

* 1975-жылдын бул күнү Түштүк Вьетнамдын Сайгон шаарына жакын жерде америкалык жүк ташуучу Гэлэкси С-5 учагы кырсыкка кабылган. Ошол учурда учактын ичинде вьетнамдык кароосуз калган балдар болгон. Анын кесепетинен 172 адамдын өмүрү кыйылган. 

Жылнаама толугу менен бул жакта...


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
04.04.2014. 09:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
11.09.2001ж Америка озу жардырып бирок ММКа аркылуу мусулмандарды жаманатты кылып койгон.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: