super.kg logo
  Саясат  

"Өкмөттүн маалыматтарына ишенсек, Кыргызстанда жашоо жыргал" дейт Алтынбек Сулайманов  

 

Жогорку Кеңештин 3-апрелдеги жыйынында депутат Алтынбек Сулайманов мурунку өкмөттүн берген маалыматтарын жалганга чыгарды. Айтымында, кагаз жүзүндөгү сандар менен реалдуулук дал келбей жатат.

“Мурунку өкмөт 2013-жылы Кыргызстанда экономикалык өсүш 10,5 пайызды түзгөнүн билдирди. Пенсия 6,8 пайызга өсүптүр. Бир сөз менен айтканда, өкмөттүн маалыматына ишенсек, Кыргызстанда жашоо жыргал. Эгер экономика 10,5 пайызга өссө, чет элдеги мекендештер өлкөгө кайтып келе башташы керек эле да. Орусияда экономикалык өсүш былтыр 1,3 пайызды, Казакстанда 6 пайызды түзүптүр. Бизде ушундай дүркүрөгөн өсүш болсо, байкалышы керек эле да”,- деген депутат айлык, пенсиялардын өсүшүнө караганда азык-түлүктүн баалары кескин өсүп жатканын кошумчалады.

Сулайманов өкмөттүн отчётун укпай отставкага кетирүү туура эмес экенин айтат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: