super.kg logo
  Саясат  

Жылдыз Жолдошова: "Садыр Жапаров мыйзамдуу документтин негизинде имарат сатып алганы үчүн жоопко тартылбашы керек"

 
Парламенттин бүгүнкү 26-декабрдагы жыйынында депутат Садыр Жапаровду кол тийбестиктен ажыратуу боюнча маселе каралууда. Айта кетсек, Садыр Жапаров Бишкектин Киев көчөсүндөгү №78-имаратты мыйзамсыз түрдө сатып алып, кайра сатып жибергени боюнча айыпталып, буга байланыштуу Башкы прокуратура аны кол тийбестиктен ажыратуу сунушун парламентке жиберген. Жыйында депутат Жылдыз Жолдошова "эмне үчүн аталган имарат боюнча жалган документ жасаган адамдар жоопко тартылбайт да, имаратты документтин негизинде сатып алган Садыр Жапаров жоопко тартылышы керек?" деди. Анын айтымында, учурунда жасалма документтерди жасаган Мамлекеттик каттоо кызматы жана Мамлекеттик мүлк фонду күнөөлүү. Жолдошова депутаттардан Садыр Жапаровду кол тийбестиктен ажыратуу демилгесин колдобоого чакырды.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: