Эрлан Абдылдаев Москвада болгон Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун кеңешмесине катышты



Кечээ, 3-апрелде Орусиянын борбору Москва шаарында КРнын Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө өлкөлөрдүн Тышкы иштер министрлеринин кеңешинин кезектеги отурумуна катышты. Бул тууралуу КРнын Тышкы саясий мекемесинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чарада ЖККУнун мүчө өлкөлөрүнүн тышкы саясаты жана эл аралык коопсуздугу негизги маселе катары талкууга алынды. Мындан тышкары 2014-жылдын экинчи жарым жылдыгына кеңешмелердин планы түзүлдү. Тышкы иштер министрлери Ооганстанда боло турган шайлоонун таза, ачык жана демократиялык өтүшүн колдоду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

