Өзгөчө кырдаалдар министрлиги: Жалал-Абадда селден коргонуу боюнча аракеттер уланууда





Жалал-Абад
облусуна караштуу Таш-Көмүр шаарынын аймагындагы өзгөчө кырдаалдардын алдын
алуу боюнча Пушкин көчөсүндөгү Жийде-Бел сайынын оң жак жээгин бекемдөө
жумуштары 6-марттан башталып, учурда дамбанын негизги өзөгү көтөрүлүп бүттү. Бул тууралуу 3-апрелде ӨКМнын басма сөз кызматы маалымдады.
Автор: Мальвина Уметбекова
Маалыматка таянсак, дамба курулуп бүтсө, Пушкин көчөсүндөгү эки кабаттуу көп батирлүү турак үй, балдар бакчасы, Республикалык психиатриялык оорукананын (РПО) №7-8-бөлүмдөрү жана жашоочулардын бак-дарак, короо-жайлары жаратылыш кырсыктарынан сакталат.
ӨКМнын Таш-Көмүр шаардык бөлүмүнүн башчысы, лейтенант Нурканбек Медетбековдун айтымында, 2-апрель күнү Таш-Көмүр шаарынын мэри Бекболот Миңбаев баш болгон тиешелүү жетекчилер иштин жүрүшү менен жеринен таанышып кайтышкан.
Учурда аталган объектиде 5 даана ХОВО, бир жүктөгүч жана бир экскаватор техникалары иштеп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:04
2025-07-23

21:37
2025-07-23

20:12
2025-07-23

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.