super.kg logo
  Саясат  

Таластагы митинг: ИИМ жолдун тосулушу боюнча чара көрүлөрүн билдирди

 

Бакай-Ата районунда Талас-Тараз-Суусамыр унаа жолунун митингчилер тарабынан тосулушу боюнча чара көрүлөт. Муну бүгүн, 4-апрелде Ички иштер министрлиги билдирди. Окуя болгон аймакка ички иштер министринин орун басары Калыбек Сатыбалдиев жөнөп кеткени белгилүү болду.

Бул факт кылмыштарды каттоо китебине жазылды жана ага карата тийиштүү материалдар топтолуп жатат. Тийиштүү чечим кабыл алынат”,- деп билдирди ИИМ.

Айта кетсек, 3-апрелде “Шыраалжын” алтын кенин жабуу талабы менен митингге чыккан жашоочулар менен милициянын ортосунда кагылышуу болуп, 20дай милиция кызматкери жабыркаганы айтылды. Чогулгандарды таратуу үчүн милиция курал колдонду.   






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: