super.kg logo
  Спорт  

Бүгүн, 4-апрелде Дене тарбия жана спорт кызматкерлеринин күнү белгиленди

 
6-апрелде Дене тарбия жана спорт кызматкерлеринин күнү белгиленип келет. Бул күн дем алыш күнгө туура келгендиктен, расмий иш-чара 4-апрелде уюшулду.
Эстрада жылдыздары салтанаттуу концерт тартуулап беришти. Юлия Руцкая "Аппак сүйүү" ырын аткарууда.
"Шаттык" элдик бий тобунун балдар-кыздары бий тартуулашты.
Иш-чаранын жүрүшүнө Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин мурунку директору Байгазы Кенжебаев, Коргоо министрлигинин дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн башчысы Дүйшөнбек Исакулов жана даңазалуу спортчу Каныбек Осмоналиевдер көз салып отурушту.
Саамалыкка спорт ишмерлери, спортчулар күбө болушту.

Бүгүн, 4-апрелде Бишкектеги Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда Дене тарбия жана спорт кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. 1 саатка созулган саамалыкка спорт ишмерлери, спортчулар күбө болуп, өнөр адамдары эл алдында өз өнөрлөрүн тартуулашты.

Кошумчалай кетсек, КРнын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-январындагы №18-токтомуна ылайык, жыл сайын 6-апрелде Дене тарбия жана спорт кызматкерлеринин күнү белгиленмекчи.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
04.04.2014. 12:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кутуктайбыз
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: