Таластагы митингден жабыркаган эки милиционер облустук ооруканага жаткырылды
Таластын
Бакай-Ата районундагы митингде 19 милиция кызматкеринин башына таш тийип, жаракат алган. Алардын ичинен экөөсү облустук ооруканага жаткырылса, калгандарына тез жардам көрсөтүлдү.
Автор: Жамалидин Парманкулов
Бул тууралуу бүгүн, 4-апрелде Ички иштер министрлигинин
басма сөз катчысы Жоробай Абдраимов SUPER.KG
порталына билдирди.
“Кечээ, 3-апрелде Бакай-Ата районундагы
Боо-Терек айылынын тургундары "Шыраалжын" алтын кенин иштетүүгө каршы митингге
чыгып, Талас - Тараз унаа жолун буушкан. Митингдин катышуучулары учурда дагы
деле жолду ачпай, бууп турушат.
Ал эми эл менен милиция кызматкерлеринин
кагылышуусунда эл жаракат алган эмес. Милиция кызматкерлери гана жаракат алган”,- деди ал.
Нааразылык акциясы болуп жаткан аймакка жаңы шайланган вице-премьер-министр Абдырхаман
Маматалиев жана ички иштер министринин орун басары Калыбек Сатыбалдиев жөнөп
кеткен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

