super.kg logo
  Саясат  

Таластагы митинг: Бакай-Ата эли вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиевге 5 талап койду

 

Вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев ушу тапта Бакай-Ата районунун Боо-Терек айылында митингчилер менен жолугушту. Талас облусунун Бакай-Ата районунда "Шыраалжын" алтын кенинин иштетилишине каршы митингге чыккан эл вице-премьерге 5 талап койду:

 

1.    "Шыраалжын" алтын кенин чалгындоо жана казуу иштери биротоло токтотулсун.

2.    Кен казууда иштеп жаткан техникалар чыгарылып, жаратылышка келтирилген зыяндар калыбына келтирилсин.

3.    3-апрелде уюштурулган митингдеги тополоң боюнча укук коргоо органдары тарабынан карапайым элге кылмыш иши козголбосун.

4.    Митингде элге мыйзамсыз ок чыгарган укук кызматкерлери тез арада жоопко тартылсын.

5.    Талас өрөөнүндөгү кен байлыктарды иштетүүчү ишканалардын баары жабылсын, Талас өрөөнү экологиялык таза өрөөн деп жарыялансын.

 

Митингдин катышуучулары талаптар аткарылбаса, элдик кыймылдын нааразылыктары токтотулбай тургандыгын айтышты.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: