super.kg logo
  Саясат  

Ички иштер министри: “Таластагы окуяда бир да жергиликтүү жашоочу жаракат алган жок”

 

“Таластагы окуяда бир да жергиликтүү жашоочу жаракат алган жок”,- деп билдирди бүгүн, 4-апрелде ички иштер министри Абдулда Суранчиев. Анын билдиришинче, кагылышууда 20 милиция кызматкери жаракат алды. Министр мындай маалыматты өкмөт башчы өткөргөн атайын кеңешмеде айтты. 

“Митингчилерди таратууда укук коргоо кызматкерлери тарабынан катуу үн чыгаруучу жардыргыч заттар жана курал колдонулган жок”,- дейт министр.  

Айта кетсек, 3-апрелде “Шыраалжын” алтын кенин жабуу талабы менен митингге чыккан жашоочулар менен милициянын ортосунда кагылышуу болуп, 20дай милиция кызматкери жабыркаганы айтылды. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: