Алмазбек Атамбаев кыргызстандыктарды Дене тарбия жана спорт кызматкерлеринин күнү менен куттуктады
КРнын Президенти Алмазбек Атамбаев кыргызстандыктарды Дене тарбия жана спорт кызматкерлеринин күнү менен куттуктады. Бул тууралуу 4-апрелде президенттин басма сөз кызматы маалымдады.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Куттуктоонун тексти:
"Урматтуу дене тарбия жана спорт кызматкерлери!
Урматтуу спортчулар, машыктыруучу жана мугалимдер!
Сиздерди Дене тарбия жана спорт кызматкерлеринин күнү менен куттуктайм! Спорт бизди бириктирип, кайраттуу кылат. Максатыбызга жетүүгө түрткү берип келет. Улуттун ден соолугу биздин приоритет болуп саналат. Дени сак улут гана күчтүү, өнүккөн мамлекетти түзө алат.
Урматтуу достор!
Сиздер мээримдүүлүктү, дени сактыкты көрсөтүү менен бирге кыйынчылыкты жеңип келесиздер. Сиздердин тилек-максатыңыздар жаңы бийиктиктерди багынтып, жаңы Кыргызстанды түзүүгө жардам берет. Сиздерге бекем эрк, ийгилик каалайм!"
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

