БШК: "Ар-намыс" фракциясынан парламентке жаңы депутат ким болору азырынча белгисиз
"Ар-намыс" фракциясынан парламентке Абдырахман Маматалиевдин ордуна ким депутат болору кийинки аптада билинет. Бул тууралуу бүгүн, 4-апрелде БШКнын басма сөз катчысы Кыял Бектурова SUPER.KG порталына билдирди.
"Ар-намыс" фракциясынан депутат Дастан Бекешев интернет баракчасы аркылуу "Майрамбек Расулов партиянын тизмесинин негизинде парламентке кийинки депутат болуп келиши керек" деп жазган болчу.
Эскерте кетсек, 3-апрелде парламент өкмөттүн жаңы курамын бекитти. Ага ылайык, "Ар-намыс" фракциясынын депутаты Абдырахман Маматалиев коргоо, коопсуздук жана чек ара маселелери боюнча вице-премьер-министр болуп шайланды. Анын ордуна "Ар-намыстын" кезектеги мүчөсү депутат болуп келмекчи.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















