Жогорку Кеңеште камактагы депутат Садыр Жапаровду жыйынга катыштыруу маселеси чечилбей жатат
"Башкы прокуратура азыр бизден Садыр Жапаровду кол тийбестиктен ажыратып, камоого уруксат сурап жатат. А бирок Жапаров учурда СИЗОдо, демек ал абакта мыйзамсыз отуруптур да?" деди депутат Исмаил Исаков ЖКнын 26-декабрдагы жыйынында. "Регламент - бул мыйзам. Аны бузууга эч кимдин акысы жок. Мен прокуратурадан мыйзамды сактоону суранам" деди Исаков. Айта кетсек, ЖКнын жыйында депутат Садыр Жапаровду кол тийбестиктен ажыратуу маселеси каралып, жыйынга депутаттын өзүн катыштыруу сунушу талаш-тартыш жаратууда. Депутаттар катыштыруу керек деген сунушту айтышса, Башкы прокурор буга мыйзам бербей турганын билдирүүдө.
Автор: Автандил Добулбеков
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:07
2025-06-24
15:15
2025-06-24

17:05
2025-06-23
11:44
2025-06-23
Рейтинг:
-1

