Бишкекте грэпплинг спорту боюнча республикалык мелдеш өтөт

5-6-апрелде Бишкектеги "Боец" спорт клубунда NAGA грэпплинг боюнча 2010-жылы 7-апрелде курман болгондордун жаркын элесине арналган республикалык мелдеш орун алат. Бул тууралуу бүгүн, 4-апрелде КРнын Эрежесиз эр уруш федерациясынын президенти Эмил Токтогонов SUPER.KG порталына билдирди.
Анын айтымында, мелдеш жаш өзгөчөлүктөрүнө карата 5 категория (балдар, өспүрүмдөр, жаштар, чоңдор жана ардагерлер) боюнча өткөрүлөт.
Эмил Токтогоновдун айтымында, 7-Апрель окуясында курман болгондордун жаркын элесине арналган мелдеш буга чейин эрежесиз эр уруш боюнча өткөрүлүп келген. Бул жолу NAGA грэпплинг түрү боюнча өткөрүү чечими кабыл алынды. Алгач мелдешти Кантта уюштуруу пландары болгон, бирок айрым себептерден улам Бишкекте өткөрүүгө туура келди. Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
mi-li-na

06.04.2014. 07:56
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эххх эч кимдин канын токпогуло, Жакшысы АША сыйы мн кетип калганы он окшойт Турцияга.Бирок ал кеткенде татыктуу ким бар?! Тынч жатканынар деле жакшы окшойт олкого булук салбай. Акаев болгондо эмдигиче онугуп калмакпыз.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.