super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев премьер-министрликке Жоомарт Оторбаевди дайындоо боюнча буйрук чыгарды

 

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 4-апрелде Жоомарт Оторбаевди премьер-министрликке дайындоо тууралуу буйрукка кол койду. Муну Президенттик аппараттын башчысы Данияр Нарымбаев өкмөттүк жыйында билдирди. Президент министрлерди дайындоо тууралуу да буйрук чыгарды. Өкмөттүн курамы төмөнкүдөй:

Премьер-министр – Жоомарт Оторбаев ("Ата Мекен")

Биринчи вице-премьер-министр – Тайырбек Сарпашев (КСДП)

Экономика жана инвестиция боюнча вице-премьер-министр – Валерий Диль ("Ар-намыс")

Социалдык блок боюнча вице-премьер-министр – Эльвира Сариева (КСДП)

Коргоо, коопсуздук жана чек ара маселеси боюнча вице-премьер-министр – Абдырахман Маматалиев ("Ар-намыс")

Маданият, маалымат жана туризм министри – Камила Талиева ("Ар-намыс")

Калган министрликтерде мурунку жетекчилер калат:

Ички иштер министри – Абдулда Суранчиев 

Социалдык өнүгүү министри – Кудайберген Базарбаев

Транспорт жана коммуникация министри – Калыкбек Султанов

Экономика министри – Темир Сариев

Саламаттыкты сактоо министри – Динара Сагынбаева

Билим берүү жана илим министри – Канат Садыков

Эмгек, миграция жана жаштар министри – Алиясбек Алымкулов

Юстиция министри – Алмамбет Шыкмаматов

Каржы министри – Ольга Лаврова

Айыл чарба жана мелиорация министри – Таалайбек Айдаралиев

Энергетика жана өнөр жай министри – Осмонбек Артыкбаев

Тышкы иштер министри – Эрлан Абдылдаев

Өзгөчө кырдаалдар министри – Кубатбек Боронов

Өкмөттүк аппараттын башчысы - Нурханбек Момуналиев






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: