super.kg logo

Өкмөт жооп берет: Жолдошум жазып берген ишеним кат менен нике күбөлүгүн алсам болобу?

 

Урматтуу колдонуучу, сизде өкмөткө, ага тиешелүү министрликтерге берилүүчү суроолор жана чечилбеген маселелер барбы? Анда «Суперстандагы» «Өкмөт жооп берет» бөлүмүнө суроолоруңузду калтырыңыз. Суроолоруңузга тиешелүү тармактардын адистеринен жооп алып берүүгө даярбыз.

Суроо: - Жолдошум экөөбүз Бишкекке каттоого турганбыз. Турмуш кургандан кийин Жалал-Абадда жашадык. Ал жактан нике күбөлүгүн алалы десек, "Бишкекке каттоого турган экенсиңер, ошол жактан аласыңар" дешти. Бишкекке келгиче эле кайнатам жолдошумду Орусияга чакырып калды. Мен кош бойлуумун, ай-күнүмө жетип калдым. Нике күбөлүгүбүз ошол бойдон бүтпөй калды. Бирөөлөр "ишеним кат аркылуу алсаңар болот" дегенинен жолдошум ишеним кат жазып берип кеткен эле. Ошону менен нике күбөлүгүн алсам болобу? Суроо калтырган nurik-jami

Жооп: - Ишеним кат менен никеге туруу мүмкүн эмес. "Жарандык абалдын актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 27-беренесине ылайык, никеге турууну каттоо никелешкен адамдардын катышуусу менен гана жүргүзүлөт.  

Суроого Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо бөлүмүнүн башчысы Токтобаева Клара жооп берди.

Эгер сизде да суроолор болсо, анда "Өкмөт жооп берет" бөлүмүнө кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: