super.kg logo
  Саясат  

Азербайжандык саясатчы “Жириновскийдин кулагын жулам” деп билдирүү жасады

 

Азербайжандагы “Современный Мусават” партиясынын лидери Хафиз Гаджиев орусиялык депутат Владимир Жириновскийдин кулагын кесип аларын айтып билдирүү жасады. Маалыматты бүгүн, 4-апрелде чет элдик ММКлар жарыялашты.

Гаджиевдин мындай билдирүү жасашына Жириновскийдин Азербайжанды шылдыңдоо иретинде айткан сөзү себеп болуптур.

“Бул шылдыңдоосу үчүн жеке мен анын кулагын жулам. Эгерде ким Жириновскийге татыктуу жооп бере албаса, ал да ошого окшош”,- дейт Гаджиев.

Айта кетсек, Жириновский жакында Мамлекеттик Думанын жыйынында Азербайжан тууралуу сөз сүйлөгөн. Ал Азербайжан деген сөздү чечмелеп берген эле.

“Азербайжан деген эмне? Мен силерге орусчага которуп берем. Азер – бул Хезер деңизи же Каспий деңизи, баджа – край. Башкача айтканда, бул – Каспий деңизинин жээгинде жашаган эл, каспийликтер. Бул эмне, улутпу? Булар ошол жерде жашаган жарандар”,- деген эле Жириновский. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: