super.kg logo

Өкмөт жооп берет: Жолдошум Жалал-Абадга, мен Бишкекке каттоого турганбыз. Нике күбөлүгүн кайдан алсак болот?

 

Урматтуу колдонуучу, сизде өкмөткө, ага тиешелүү министрликтерге берилүүчү суроолор жана чечилбеген маселелер барбы? Анда «Суперстандагы» «Өкмөт жооп берет» бөлүмүнө суроолоруңузду калтырыңыз. Суроолоруңузга тиешелүү тармактардын адистеринен жооп алып берүүгө даярбыз.

Суроо: - Жолдошум экөөбүздүн нике күбөлүгүбүз жок. Ал туулган жери Жалал-Абадга, мен Бишкекке каттоого тургам. Жашаган жерибиз жаңы конуш болгондуктан, каттоого тургузушпайт экен. Нике күбөлүгүн кайдан алса болот? Жашап турган жерибиз Биринчи Май районуна карайт. Бирок балдарыма туулгандыгы тууралуу күбөлүктү Ленин районунан алганбыз. Жөлөк пул алуу үчүн кандай документтерди чогултуш керек? Суроо калтырган Elenora92

Жооп: - "Жарандык абалдын актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 25-беренеси боюнча, түгөйлөр никеге туруу арызы менен эки жактын бир тарабынын жашаган жериндеги ЖААК бөлүмүнө кайрылса болот. Демек, сиз Бишкекте турсаңыз, катталган жериңиздеги ЖААК бөлүмүнө кайрылып, ала аласыз.

Суроого Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо бөлүмүнүн башчысы Токтобаева Клара жооп берди.

Эгер сизде да суроолор болсо, анда "Өкмөт жооп берет" бөлүмүнө кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: