super.kg logo

Бүгүн өлкө боюнча "Жаштардын кайрымдуулук жумалыгы" башталат

 

Бүгүн, 7-апрелден баштап бүткүл Кыргызстан боюнча «Жаштардын кайрымдуулук жумалыгы-2014» кампаниясынын демилгечилери пайдалуу коомдук иш-чараларды башташат. Бул тууралуу уюштуруучулар маалымдашты.  

Кыргызстандын бардык аймактарында миңдеген жаштар ушул күндөрү «Дүйнөнү жакшы жагына өзгөрт!» урааны менен колдоого жана көңүлгө муктаж адамдар үчүн 100дөн ашуун социалдык иш-чараларды уюштурушат. 

Аталган жумалыктын катышуучулары интернаттык мекемелердеги балдар, кары-картаңдар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн акцияларды уюштурушат. Ошондой эле социалдык инфраструктуранын объекттерин калыбына келтирүүгө жардам беришип, жардамга муктаж жана үй-жайы жок адамдарга тамак-аш таратышат. 

Мындан сырткары бактарды актап, флешмобдорду жана жүрүштөрдү уюштурушуп, акысыз кеңеш кызматтарын, спорттук оюндар менен мелдештерди уюштурушуп, айлана-чөйрөнү коргоо боюнча иш-чараларды ишке ашырышат. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: