super.kg logo

Жалал-Абадда өткөн конференцияда ички иштер органдарынын жана Ооган согушунун ардагерлеринин коомдогу ролу талкууланды

 

Жалал-Абад шаарындагы Барпы атындагы театрда ички иштер органдары, Ооган согушунун ардагерлери, облустук аксакалдар кеңешинин төрагасы жана мүчөлөрү, өкмөтүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жеңиш Жээнбековдун катышуусунда конференция болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн, 7-апрелде ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чара облус аймагындагы ардагерлердин, ички иштер органдарынын жана Ооган согушунун ардагерлеринин коомдогу ролун жогорулатуу максатында өттү.

Ал эми өтүп жаткан жыйын жогорку инстанциялардын алдында отчёт берүү үчүн өткөрүлүп жатпаганын ыйгарым укуктуу өкүл Жеңиш Жээнбеков айтып, облус боюнча өкүлчүлүк жана укук коргоо органдары тарабынан жол берилген кемчиликтер, катачылыктар жөнүндө ачык-айкын жана акыйкат сын-пикирлерди айтууга чакырып өттү.

Облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Ж.ЖоробековКоомдук коопсуздукту, тартипти камсыздоо, кылмыштуулуктун, улуттар арасындагы араздашуулардын алдын алууда ардагерлердин ролу чоң. Ошондой эле нааразычылык акцияларына жана башка массалык тартип, мыйзам бузуучулуктарга жол бербөө багыттары боюнча укук коргоо органдарынын көрсөтүп жаткан көмөгү да чоң”,- деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: