Жоомарт Оторбаев өкмөт мүчөлөрүнө: “Жаздын бир күнү жылды багат, суткасына 24 сааттан иштешиңер керек”
Премьер-министр Жоомарт Оторбаев 5-апрелдеги өкмөт жыйынында жазгы талаа иштери боюнча тийиштүү жетекчилерге тапшырмаларды берди.
“Жаздын бир күнү жылды багат. Иштер өз убагында бүтүшү үчүн суткасына 24 сааттан, аптасына 7 күндөн иштешиңер керек. Аба ырайына байланыштуу талаа иштери кечеңдеп жатат, ошондуктан бардык зарыл чараларды көрүп, ресурстарды пайдалануу керек”,- деди өкмөт башчы.
Жыйындын аягында Оторбаев тийиштүү министрликке жана мекемелерге жазгы талаа иштерин өз учурунда бүтүрүүнү буйруду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

