super.kg logo
  Саясат  

УОКтун мүчөсү Мамбетжунус Абылов Мелис Турганбаевди сотко берет

 

10-апрелде өтчү оппозициянын митингине комендант болуп дайындалган Мамбетжунус Абылов бүгүн, 7-апрелде Бишкек ШИИББинин башчысы Мелис Турганбаевди сотко берет. Бул тууралуу Мамбетжунус Абылов өзү SUPER.KG порталына билдирди.

"Мен комендант катары митинг тынч өтсүн деген максатта 4-апрелде Бишкек шаардык милициянын начальниги Мелис Турганбаевге кат жөнөтүп, митингде коопсуздукту биргелешип сактоо боюнча келишим түзүүнү сунуш кылганмын. Бирок ошол эле күнү кечинде ШИИББдин кызматкерлеринин бири телефон чалып, "генерал Мелис Турганбаев "мен комендант менен келишим түзбөйм, УОКтун лидерлери менен келишим түзөм" деп жатат" деди. Андан сырткары Мелис Турганбаев өзү да "мен мурда кылмыш иши ачылган Мамбетжунус Абылов менен келишимге кол койбойм" деп интернет-сайттарга интервью берип жатат. Биринчиден, мага кылмыш иши ачылган эмес. Жалган жалаа жапкандыгы үчүн бүгүн ал кишини сотко берем. Азыр тиешелүү документтерди топтоп жатам",- деди оппозиционер Мамбетжунус Абылов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: