super.kg logo

Саруулуктар 10-апрелде Бишкекте өтүүчү митингге катышуу боюнча чечимди бүгүн болчу жыйында кабыл алышат

 
Бүгүн, 7-апрелде кечке жуук Саруу айылынын тургундары 10-апрелде Бишкекте өтүүчү митингге катышуу боюнча чечимди кабыл алышат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган айылдын активисти Замир Мендибаев билдирди.
Анын айтымында, бүгүн кечке маал саруулуктар чоң жыйын өткөрүп, Бишкекке кимдердин жана канча өкүлдүн барарын бекитишет.
Белгилей кетсек, айрым жергиликтүү ММКлар "Саруу айылынын 300гө чукул тургуну Бишкекте Улуттук оппозициялык кыймыл уюштурган митингге жөнөштү" деп жазып чыгышкан. Буга Замир Мендибаев "Мүмкүн, алар 9-апрелде өтүүчү сотко катышууга жөнөшкөн чыгар. Себеби ошол күнү Бишкекте Эрмек Жунушбаев жана Бактияр Курмановдун апелляциялык арызы боюнча соттун биринчи отуруму өтөт" деп жооп берди.
Эскерте кетсек, 2014-жылдын 10-февралында Бишкектин Биринчи Май райондук соту “Кумтөр” ишканасынын өкүлүнөн 3 миллион доллар доолады” деп айыпталган Эрмек Жунушбаев менен Бактияр Курмановду 7 жылга эркинен ажыраткан.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
07.04.2014. 13:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
саруулуктар жапаровтон кунуно мин сом алып коюп ххх ххх журо беришеткенда, бирок мындай караганда колдогу митингтерге биржа труданын "саруулуктары" барып калышпадыбы, демек саруулуктар деле тынчыды просто жапаров менен НОД ххх болуп атышат
Модератор admin_superstan түзөттү 07.04.2014 14:11
07.04.2014. 14:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jaazira13, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүдөн алыс болуңуз! Билдирүүңүз түзөтүлдү.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: