Ош. Кара-Кулжа районунда мал уурулук менен алектенип жүргөн 2 кылмыштуу топ кармалды
Кара-Кулжа районунун аймагында мал уурулук менен алектенип келишкен 2 топ кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 7-апрелде ОИИБинин басма сөз катчысы Жеңиш Ашырбаев билдирди.
Маалыматка ылайык, кармалган топтун биринчилери 4 кишиден турган. Алар Өзгөн районунун Б.С., К.Т. жана К.У. аттуу тургундары жана Кара-Кулжа районунун Э.С. аттуу тургуну болгон. Аталган кылмыштуу топ тарабынан 2013-жылдын ноябрь айынан бери 9 торпок, 1 кой уурдалып, келтирилген зыяндын жалпы суммасы 170 500 сомду түзгөн. Ошондой эле кылмыштуу топтун экинчиси 2 адамдан турган. Алар: Кара-Кулжа районунун тургуну Ж. Э. жана Өзгөн районунун тургуну Т.У. Булар тарабынан 2013-жылдын декабрь айынан бери 7 баш кой уурдалган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:44
2025-06-26
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

9:35
2025-06-26

23:03
2025-06-25
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
shkolad87

07.04.2014. 12:27
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
булар 7—8мин емес 800000мин болушу мумкун билинбеген менен коп еле жоголот,ар бир айылдан бирден алгандада бодо малдан,40000сом турат азында бир баш мал
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.