Бишкектеги Ботаникалык бакчаны жашылдандыруу үчүн Жогорку Кеңештин төрагасынын фондунан 100 миң сом бөлүнөт
Бишкек шаарындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Э.Гареев атындагы Ботаникалык бакчасын жашылдандыруу үчүн КР Жогорку Кеңешинин төрагасынын резервдик фондунан 100 миң сом бөлүнөт.
«Бул каражаттын бир бөлүгүнө бак-дарактардын көчөттөрү сатып алуу пландаштырылса, бир бөлүгү аталган бакчага жумушчу күчтөрүн тартуу менен ишембилик уюштурууга жумшалмакчы»,- дейт Ботаникалык бакчанын директору Туратбек Мүсүралиев.
Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин «Кыргыз Республикасынын аймагын жашылдандыруу тууралуу» токтомун ишке ашыруунун алкагында 5-апрель күнү парламент депутаттары, аппарат менен иш башкармалыгынын кызматкерлери аталган бакчанын аймагына ишембиликке чыгышты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

