super.kg logo

Караколдо 7-апрелде курман болгон баатырлардын урматына тургузулган эстелик-стеласынын ачылышы болду

 

Бүгүн, 7-апрелде Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында Апрель элдик революциясынын 4 жылдыгына карата 7-апрелде курман болгон баатырлардын урматына тургузулган эстелик-стеласынын ачылышы болду. Бул тууралуу аталган облустун ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Назира Муканбетова кабарлады.

Маалыматка ылайык, ачылыш салтанаты болгон иш-чарага өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Каптагаев, Каракол шаардык кеңешинин төрагасы Улан Турсунбаев, революциянын катышуучулары, курман болгон эр-азаматтардын үй-бүлөлөрү жана саясий партиялардын өкүлдөрү катышышты. Ачылыш салтанаты лента кесүү, эстеликке гүлчамбарларды коюу жана аза күтүү мүнөтүндө асманга ок атуу менен башталып, шейит кеткендерге куран окулду.

Ал эми Апрель революциясына карата уюштурулган иш-чаранын экинчи бөлүгү К.Жантөшев атындагы музыкалык драма театрында улантылды. 600дөн ашык адам толгон залда алар үчүн 7-Апрель окусы тууралуу “Кайрат” кыска метраждуу көркөм тасмасы жана театрлаштырылган көрсөтүү тартууланды. Залда отургандардын айрымдары көздөрүнө жаш алышып, каргашалуу күндү эске салышты.

Ошондой эле бүгүн курман болгон баатырларга арналып дасторкон үстүндө куран окутулат.

Эске сала кетсек, каргашалуу 7-апрелде облус боюнча 11 адам каза болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
07.04.2014. 13:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
эстелик эле ачып журо берет экенсинерге
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: