super.kg logo

Жаш ишкерлер ассоциациясынын өкүлдөрү Америкада өтчү эл аралык форумга жөнөп кетишти

 

8-9-апрелде АКШнын Вашингтон шаарында Америка жана түрк тилдүү элдердин конгрессинин алкагында уюштурулуп жаткан эл аралык форумга катышуу максатында Жаш ишкерлер ассоциациясы 15 ишкерден турган топ менен АКШга жөнөп кетти. Бул иш-чарага Кыргызстан, Казакстан, Азербайжан, Түркия жана башка түрк тилдүү өлкөлөрдүн мамлекеттик бийликтеринин, илимий жана маданий чөйрөнүн, финансылык жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн жана ишкерлердин катышуусу күтүлүүдө. Форумдун негизги темасы “Энергия, соода жана өнүгүү” деген аталышта болуп, “Улуу Жибек Жолу демилгеси”, “Энергетикалык коопсуздук” жана “Борбордук Азияда кызматташуу” боюнча долбоорлору каралат. Иш-чаранын алкагында тажрыйба жана маалымат алмашуу максатында Чикаго, Сент-Луис, Жефферсон-Сити жана Нью-Йорк шаарларына ишкерлердин иш сапары уюштурулат.   

Эске салсак, 2013-жылдын 12-13-мартында уюштурулган эл аралык форумга ЖКнын депутаты, Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Каныбек Иманалиев жана Жаш ишкерлер ассоциациясы 17 ишкерден турган топ менен катышкан. Иш-чара түрк тилдүү элдердин мамлекеттик жана бизнес өкүлдөрүнүн АКШнын эл өкүлдөрү, мамлекеттик кызматкерлери жана ишкерлери менен жолугушуусуна шарт түзгөн. Биринчи форумдун натыйжасында 2013-жылдын 20-ноябрында АКШнын Вашингтон шаарында эки өлкөнүн тарыхындагы биринчи Кыргызстан-Америка бизнес форуму өткөрүлүп, ЖКнын депутаттары жана КРнын Өкмөтүнүн өкүлдөрү, ошондой эле 50гө жакын ишкерден турган топ катышкан. Азыркы учурда Кыргызстан-Америка бизнес-форумун Кыргызстанда өткөрүү боюнча уюштуруу иштери жүргүзүлүп жатканын Жаш ишкерлер ассоциациянын басма сөз кызматы билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: