super.kg logo
  Саясат  

Нарын. Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын эмгек жамааты шаардын кире беришин таштандыдан тазалады

 
Нарын облустук Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын эмгек жамааты кечээ, 26-декабрда шаардын кире беришин таштандыдан тазалады. Нарын шаарына кирип келе  жаткан эки айрылыш  жолдун ортосуна 2 илбирстин келбети түшүрүлгөн айкел таш бар. Учурда бул жерге сырттан келе жаткан үйлөнүү тойлорду, башка дагы конокторду тосуп алуучу жарандар ар кандай нерселердин калдыктарын, желим бөтөлкөлөрдү, целлофан баштыктарды таштап тазалыкты сактабай келишет. Сырттан келген коноктор таштандыларга туш болуп, шаар  жөнүндө тескери ойдо калбас үчүн ушундай акцияны уюштурушкан. Улуттук коопсуздук кызматынан 18дей ишкер чачылган таштандыларды бир жерге чогултуп, таштанды чыгаруучу унаага жүктөтүшкөн соң, шаардын Москва аймагында жайгашкан “Жеңиш” эс алуу гүлбагынын ичинде орнотулган танктын тегерегин дагы ушундай эле тазалыкка келтиришти.  Буга күбө болгон тургундар: "Кыштын күнү тазалоо иштерин жүргүзүү  кыйын. Демилгечилер жетишип калышты, эгер кечээ тазаланбаганда бүгүнкү жааган кардын алдында калып бир топ кыйынчылыктарды жаратмак" дешти.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: