super.kg logo

Кыргызстанда эхинококкоз жана альвеококкоз илдетине чалдыккандардын саны жыл санап өсүүдө

 

Кыргызстанда эхинококкоз жана альвеококкоз оорусуна чалдыккандардын саны жыл санап өсүүдө. 2013-жылы эхинококкоз илдетине 1050 адам, ал эми альвеококкоз илдетине 148 адам чалдыкты. Бул тууралуу бүгүн, 7-апрелде Оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин адиси Жумагүл Усубалиева маалымдады.

“Былтыр эхинококкоз илдети менен 1050 адам, анын ичинен 128и 14 жашка чейинки балдар, ал эми альвеококкоз илдети менен 148 бейтап кайрылып, операция болду. 2014-жылдын биринчи эки айында эхинококкоз менен 214 адам кайрылды. Анын ичинен 33ү жаш балдар”,- дейт Ж.Усубалиева.

Маалыматка таянсак, альвеококкоз илдети эхинококкозго караганда оорураак келет. Дарыгерлер альвеококкозду боордун рагы менен салыштырып келишет.

“Бир эле бейтап эхинококкоз менен ооруп, 4-5 жолу операция болгондор да бар. Мурдагы жылы бир жаш жигит 8 жолу операция болгон. Ошол себептүү гигиенаны сактоо зарыл”,- дейт адис.

Адистер бул ооруга чалдыкпаш үчүн гигиенаны сактап, сууну сөзсүз кайнатып ичип жана мөмө-жемиштерди таза жууп жеш керек экендигин эскертет. Ошондой эле ит баккандар сөзсүз түрдө иттерин тиешелүү дарылоодон өткөрүүсү зарыл.    






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: