super.kg logo

Ош облусунун казысы иш сапарынын алкагында Шарк айылынын тургундары менен жолугушту

 

Ош облусунун казысы Ниязали ажы Арипов Кара-Суу районунун Шарк айылдык аймагындагы борбордук мечитте мечиттин жамааты жана айылдык аймактын эли менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 7-апрелде КРнын Муфтиятынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушууга айылдык аймактын башчысы Арстанбек Далибаев, айылдык аймакка караштуу имамдар жана жергиликтүү эл катышты. Иш-чарада облус казысы элден кабар алып, мечитке байланыштуу көйгөйлөрүн жеринде чечип, аймактагы мечиттердин абалы менен таанышты. Облус казысы бул жыйында ата-бабадан бери уланып келе жаткан салттуу исламды бекем кармоого, ар-түрдүү экстремисттик агымдардан оолак болууга чакырып, улуттар аралык ынтымакты бекем сактап, ар дайым алдыга бирдикте умтулуп, тыгыз иш алып баруу боюнча элге кайрылуу жасады.

Ошондой эле айылдык аймактын башчысы жана жергиликтүү эл казынын эл менен жолугушуу өткөргөнүнө ыраазычылык билдирип, ак баталарын берип узатышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: