super.kg logo

Бишкекте “Жаштардын кайрымдуулук жумалыгы-2014” акциясы старт алды (фоторепортаж)

 
"Жаштардын кайрымдуулук жумалыгы-2014" акциясынын ачылышы концерттик программа менен коштолду. Кыргыз улуттук бийи.
Уюштуруучулардын айтымында, жумалыкка жалпы жонунан 10 миңден ашык адам катышмакчы. Аталган жумалык жаштардын көңүлүн көйгөйлөрдү өзүлөрүнүн күч-аракети менен чече ала турганына жана чечиши керек экендигин түшүндүрүүгө багытталган.
"Жаштардын кайрымдуулук жумалыгы-2014" акциясынын ачылышы концерттик программа менен коштолду. Өзбек улуттук бийи.
Жумалыктын алкагында бактарды актап, флешмобдорду жана жүрүштөрдү уюштурушуп, акысыз кеңеш кызматтарын, спорттук оюндар менен мелдештерди уюштурушуп, айлана-чөйрөнү коргоо боюнча иш-чараларды ишке ашырышат.
Ассоль Молдокматова: "Менин апам балдар үйүндө чоӊойгон. Ушундан улам мен ийгиликке жетсем да, жетпесем да, чоңойгондо балдар үйүндөгү балдарга жардам берем деп айткам. Кайрымдуулук - бир гана материалдык жардам эмес. Силердин жардамга муктаж адамга кылган жылуу мамиле, айткан таттуу сөзүңөр - мына ошол жакшылык".
"Жаштардын кайрымдуулук жумалыгы-2014" акциясынын ачылышы концерттик программа менен коштолду.
"Жаштардын кайрымдуулук жумалыгы-2014" акциясынын ачылышы концерттик программа менен коштолду.
Кыргызстанда 7-апрелден 13-апрелге чейин бүткүл Кыргызстан боюнча «Жаштардын кайрымдуулук жумалыгы-2014» кампаниясынын демилгечилери пайдалуу коомдук иш-чаралар менен акцияларды өткөрүшөт.
Кыргызстандын бардык аймактарында миңдеген жаштар жумалыктын алкагында «Дүйнөнү жакшы жагына өзгөрт!» урааны менен колдоого жана көңүл бурууга муктаж адамдар үчүн 100дөн ашуун социалдык иш-чараларды уюштурушат.
«Жаштардын кайрымдуулук жумалыгы» кампаниясы Кыргызстанда 2012-жылдан бери USAID тарабынан каржыланган Эл аралык жаштар фондунун «Jasa.kg» программасынын демилгеси менен жүзөгө ашырыла баштаган.
«Жаштардын кайрымдуулук жумалыгы-2014» кампаниясынын Кыргызстандагы иш-чаралары жөнүндө маалыматты социалдык тармактарда жайгаштырылган маалымдамадан алууга болот.
"Жаштардын кайрымдуулук жумалыгы-2014" акциясынын ачылышы концерттик программа менен коштолду.
Жумалыктын ачылышында Аяна Касымова ыры менен катышуучуларга жагымдуу маанай тартуулады.
Жумалыктын катышуучулары интернаттык мекемелердеги балдар, кары-картаңдар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн акцияларды уюштурушат.
"Жаштардын кайрымдуулук жумалыгы-2014" акциясынын ачылышы концерттик программа менен коштолду. Бийчи Жан Воинов талантын тартуулап жаткан учур.
Жаштар, мектептер, мамлекеттик түзүмдөр, коммерциялык уюмдар, БӨУ, диний уюмдар, жаштар уюмдары, насаатчылар коомчулуктардагы курч көйгөйлөрдү чечүүгө көмөк көрсөтүү үчүн жаштардын күч-аракеттерине түрткү беришет.
Ырчы Салтанат Аширова жагымдуу ырын аткаруу менен көрүүчүлөргө жакшы маанай тартуулай алды.
Социалдык инфраструктуранын объекттерин калыбына келтирүүгө жардам беришип, жардамга муктаж жана үй-жайы жок адамдарга тамак-аш таратышат.

Бишкекте бүгүн, 7-апрелде “Дүйнөнү жакшы жагына өзгөрт!” урааны менен "Жаштардын жакшылык жумалыгынын" ачылыш аземи болуп өттү. Ага шоу чөйрөнүн өкүлдөрү Ассоль Молдокматова, Салтанат Аширова катышты. Ошондой эле жаш таланттар бийчи Жан Воинов жана Аяна Касымова өз өнөрлөрүн көрсөтүп, катышуучуларга жагымдуу маанай тартуулашты.         

Иш-чаранын жүрүшүндө Ассоль Молдокматова: "Менин апам балдар үйүндө чоӊойгон. Ушундан улам мен ийгиликке жетсем да, жетпесем да, чоӊойгондо балдар үйүндөгү балдарга жардам берем деп айткам. Кайрымдуулук - бир гана материалдык жардам эмес. Силердин жардамга муктаж адамга кылган жылуу мамиле, айткан таттуу сөзүӊөр - мына ошол жакшылык. Ошондуктан, жаштар, балдар үйүнө барып, алар менен баарлашып, ойноп келишиӊерди суранат элем",- деп салтанатка келген жаштарга кайрылды.

Эл аралык жаштар фондунун координатору Мамыржан Абдуллаев иш-чаралар, “Жаштардын жакшылык жумалыгы” кампаниясы Кыргызстанда 2012-жылдан бери USAID тарабынан каржыланганын жана Эл аралык жаштар фондунун “Jasa.kg” программасынын демилгеси менен жүзөгө ашырыла баштаганын белгилеп өттү. "Бул кампания бүткүл дүйнө жүзү боюнча “Бүткүл дүйнөдөгү жаштардын кызмат кылуу күнү” деген аталышта белгилүү болгон. Ал жаштарга жана балдарга арналган эӊ чоӊ иш-чара болуп саналат. Ар жылы бул иш-чарага алты континенттеги 100дөн ашуун өлкөдөгү миӊдеген коомчулуктун жаштары катышат. 

Бул жолу аталган кампаниянын катышуучулары балдар үйүнө, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга, карылар үйүнө акцияларды уюштуруп, социалдык инфраструктуранын объектилерин калыбына келтирүүгө жардам беришип, жардамга муктаж жана үй-жайы жок адамдарга тамак-аш таратышып, бактарды актап, флешмобдорду жана жүрүштөрдү, акысыз кеӊеш кызматтарын, спорттук оюндар менен мелдештери уюштурушуп, айлана-чөйрөнү коргоо боюнча иш-чараларды ишке ашырышат”,- деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
07.04.2014. 21:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушундай шандуу оюн-зооктор болуп турса жакшы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: