Ташполот Балтабаев: “Кыргызстанга 2013-жылы 10 миллиард сомдук дары киргизилген”
Кыргызстанга 2013-жылы 10 миллион сомдук дары-дармек киргизилсе, анын 95 пайызы кошумча нарк салыгынан бошотулган. Муну ЖКнын Коррупцияга каршы күрөшүү комитетинин 7-апрелдеги жыйынында депутат Ташполот Балтабаев билдирди. Айтымында, дарылардын кошумча нарк салыгынан бошотулушу менен мамлекеттик казынага 1,2 миллиард сом киреше түшпөй калган.
“Эгерде тийиштүү министрлик мындай демилгени көтөрүп чыкпаганда, казынага 1 миллиард 200 миллион сом киреше түшмөк” деген депутат аталган сумманын ордуна 52 миллион сом гана түшкөнүн билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

