super.kg logo
  Саясат  

Өмүрбек Текебаев: "Атамбаев "балдызыма иш козголгону жатыптыр, эгер күнөөлүү болсо, ал дагы камалат" деп айтты"

 

Кыргызстанда коррупцияга каршы репрессиялык күрөш жүрүп жатат, бирок жазалоо жолу менен гана коррупцияны жоюу мүмкүн эмес. Муну 7-апрелде ММКлардын бириндеги түз эфирде "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев билдирди. Депутат коррупцияга каршы күрөштө президент Алмазбек Атамбаев чечкиндүүлүгүн көрсөтөт деп ишенет.

"Жакында 5 фракциянын лидерлери Атамбаев менен жолугуштук. Ал "эч кимиңерди аябайм" деп баарыбызга эскертти. "Балдызыма иш козгогону жатыптыр, эгер күнөөлүү болсо, ал дагы камалат" деди. Муну элдин алдында айтып жатам. Атамбаевдин ниетине, чечкиндүүлүгүнө ишенем. Албетте, көп кемчилиги бар, көп позицияларын колдобойм. Бирок сиз экөөбүз тең билебиз (ред. эфирдеги оппоненти Азимбек Бекназаровго), анын кээ бир жеке касиеттери чечкиндүү иштерди жасаганга мүмкүндүк берет. Туура, берген убадаларынын көбү аткарылбай жатат, эмне үчүн? Анткени анын айланасында деле, сиздин айланаңызда деле, азыркы оппозицияда баягы эле адамдар",- деди Текебаев. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: