super.kg logo
  Саясат  

"Жогорку Кеңеш "Кумтөр" боюнча кабыл алган 50х50 пайыз деген чечимин кайра карашы мүмкүн" деди Өмүрбек Текебаев

 

"Жогорку Кеңеш "Кумтөр" боюнча кабыл алган 50х50 пайыз деген чечимин кайра карашы мүмкүн" деп билдирди "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев 7-апрелде ММКлардын бириндеги түз эфирде. Айтымында, 2010-жылдагы революция эмнеден келип чыкканын азыркы бийлик эч качан унутпашы керек. 

"Оторбаев биздин фракциянын атынан өкмөт башчылыкка келди, алдында "Кумтөр" маселесин чечүү тапшырмасы турат. Биздин фракциянын позициясы белгилүү, үлүшүбүз 67 пайыздан кем болбошу керек дейбиз. Ушул жерде айрым көйгөйлөр пайда болушу мүмкүн. "Кумтөр" боюнча айттым, мушташтым, колдон келген аракеттин баарын жасап жатам. Бирок демократия деген ушундай экен, парламенттин көпчүлүгүн оодарып алуу оңойго турбайт экен. Коомдук пикирди эске алып, балким, парламент 6-февралда кабыл алган чечимин кайра карап чыгышы мүмкүн",- деди Өмүрбек Текебаев. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: