super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңештин комитети Кылмыш-жаза кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун 1-окууда жактырды

 

Жогорку Кеңештин Коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин 7-апрелдеги жыйынында депутат Өмүрбек Текебаев тарабынан сунушталып жаткан “Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору талкууга алынды.

Долбоорго ылайык, мамлекеттик стратегиялык ишканада өндүрүштүн токтоп калышына алып келген жетекчинин аракеттери үчүн 8 жылдан 12 жылга чейин, ал эми өзгөчө оор зыян тартуу же өлкөнүн экологиясы үчүн орду толгус зыян алып келсе, 10 жылдан 15 жылга чейин эркиндигинен ажыратуу сунушталган. 

Ө.Текебаев бул мыйзам долбоору түздөн-түз “Кумтөргө” байланыштуу киргизилип жатканын белгиледи.

Комитет мүчөлөрү бул мыйзамдын эгерде «Кумтөр» ишканасы улутташтырыла турган болсо, анда өндүрүш токтойт, салыктар түшпөй, айлык акыларды берүү үзгүлтүккө учурап, ири суммадагы зыян тартуу болот деген жоромолдорду четке кагууда зарыл экендигин айтышты. 

Ошол эле кезде стратегиялык ишкана катары «Кумтөрдүн» ишин токтоткон жетекчилерди мыйзамдын негизинде жоопко тартууга жол ачыларын баса белгилешти. Жыйынтыгында аталган мыйзам долбоорунун концепциясы сунуштарды эске алуу менен 1-окууда жактырылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: