super.kg logo
  Саясат  

Жоомарт Оторбаев Салык жана Бажы кызматынын ишмердүүлүгүн сынга алды

 

КРнын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев жыйын өткөрүп, анда 2014-жылдын биринчи кварталы боюнча бюджеттин аткарылышы талкууланды. 

Ал ички дүң продукциянын өсүшү биринчи кварталда 5,6 пайызды түзгөнүн, инвестициядагы негизги капиталдын өсүшү 33 пайызга барабар болгонун айтты. Өкмөт башчы бул тармактардагы өсүү динамикасы туруктуу экенин белгилеп өттү. 

Премьер-министр квартал аралыгында Бажы жана Салык кызматынын планды толук аткарбаганы кооптондурарын кошумчалады. 2014-жылы 3 ай ичинде мамлекеттик бюджетке 9 407 миллион сом (божомолдор боюнча 10 531,4 миллион сом) төгүп, план 89,3 пайызга аткарылган.

Жогорудагы убакыт аралыгында Бажы кызматы 7 459 миллион сом (7 698,2 миллион сом чогултуу болжолдонгон) чогултуп, план 96,9 пайызга аткарылган. Жоомарт Оторбаев планды аткарууга тийиштүү аракеттер көрүлбөгөнүн баса белгиледи. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: