Парламент: Айымдарды сойкулук ишке тарткандарды 5 жылга эркинен ажырата турган мыйзам долбоору 2-3-окууда жактырылды
Парламенттин Конституциялык мыйзамдар, укук тартиби жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү комитетинин 8-апрелдеги жыйынында айымдарды сойкулук ишке тарткан жарандардын жоопкерчилигин күчөтө турган мыйзам долбоору 2-3-окууда жактырылды. Демилгечи депутат Кожобек Рыспаев мыйзам долбоору боюнча сунуштар болбогонун билдирди. Ага ылайык, күч колдонуу же коркутуу, опузалоо, мүлкүн жок кылуу же алдоо жолу менен айымдарды сойкулукка тарткандар 3 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратылат. Ал эми мындай иштер уюшкан кылмыштуу топ тарабынан жасалса, алардын мүлкү конфискацияланып, өздөрү 5 жылдан 8 жылга чейин кесилмекчи.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















