Бишкек шаарынын мэри борбор калаадагы курулуштардын мыйзамдуулугу менен таанышууда




Бүгүн, 8-апрелде Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов борбор калаанын аймагында курулуп жаткан имараттар менен таанышууда. Иш сапардын жүрүшүндө шаардагы "1:0" кафе-барынын мыйзамсыз курулгандыгы жана анын 1,5 жылдан бери иштебей тургандыгы аныкталды. Ошондой эле аба ырайынын катаалдыгына жараша, катуу бороондо, жамгыр көп жааган учурда кафенин айланасы тургундар үчүн кооптуу болору айтылды. Мэр имараттын курулушунун айланасындагы маселелерди чечүү боюнча тийиштүү жетекчилерге тапшырма берди.
Шаардагы курулуштар менен таанышууга Октябрь районунун акими Камалдин Токтосартов жана мэрияга караштуу Жеке менчик башкармалыгынын башчысы Молдакмат Тезекбаев катышууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

