Чүй облусунда спорттук объектилердин 37 пайызы канааттандырарлык эмес абалда
“Чүй облусунда спорттук залдардын камсыздандырылган көрсөткүчү 48 пайызды түзөт”,- деп билдирди Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Болот Мотукеев парламенттин Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитетинин 8-апрелдеги жыйынында.
Анын айтымында, спорттук объектилердин 37 пайызы канааттандырарлык эмес абалда. Ал эми спорттук мектептердин 70 пайызында спорттук шаймандар 15-20 жылдан бери жаңылана элек. Андан тышкары спорт ишмери облус аймагында 77 спорттук объектинин оңдоп-түзөөгө муктаж экендигине токтолду. “Спорттук залдардын бүгүнкү күндөгү абалы эл аралык стандартка жооп бербейт. Ошол себептүү Дүйнө жана Азия чемпиондугун кабыл алуу мүмкүн эмес”,- дейт ал.
Ал кошумчалап өткөндөй, 2013-жылы бул аймакта спорт жана дене тарбия жаатын өнүктүрүүгө 7,6 миллион сом бөлүнгөн. Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:35
2025-06-24

10:29
2025-06-24
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.