Исхак Масалиев 2015-жылдагы парламенттик шайлоого камдануу үчүн кызматтан кеткенин айтты
Бүгүн, 8-апрелде Исхак
Масалиев Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы кызматынан кеткенинин себебин SUPЕR.KG порталына билдирди.
Автор: Жамалидин Парманкулов
«2015-жылы боло турган парламенттик шайлоого активдүү аралашыш керек. Мамлекеттик кызматты ээлегенден кийин, албетте, саясий аракеттер мыйзамга карама-каршы келип калышы мүмкүн. Салык кызматында 2260 киши иштегендиктен, саясий иш-аракеттерди жасасам туура эмес деп кызматтан кеттим. Эми мен колдон келген аракетимди жасадым, калган иш-аракеттерди кийинки келген жетекчилер улантышы керек”,- деди “Кыргызстан коммунисттер” партиясынын лидери Исхак Масалиев.
Эскерте кетсек, бүгүн, 8-апрелде Масалиев Мамлекеттик салык кызматынын төрагалык кызматынан өз арызы менен кетти.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















