super.kg logo
  Саясат  

Дүйнөлүк саясатчылардын телефонго сүрөткө түшүп жаткан учурлары (фото)

 
1-апрель, 2014-жыл. Барак Обама бейсболчу Дэвид Ортиз менен сүрөткө түшүп жатат.
Актриса Мерил Стрип АКШнын Мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон менен сүрөткө түшүүдө.
АКШ, Вашингтон. Конгресстин мүчөлөрү өздөрүн сүрөткө тартышууда.
Австралиянын премьер-министри Кевин Радд үгүт кампаниясында.
Актриса Мерил Стрип АКШнын Мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон менен сүрөткө түшүүдө.
Казань, 2014-жылдын 25-марты. Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев студенттер менен. Солдо Татарстандын президенти Рустам Минниханов.
Кытайлык жаран Мао Цзэдундун эстелигинин алдында өзүн-өзү сүрөткө тартууда. Пекин, 2013-жылдын 24-декабры.
Владимир Путин “Селигер-2013” жаштар лагеринин өкүлдөрү менен жолугушууда. Президенттин жанында “Стоп Хам” кыймылынын активисти Оксана Митрофанова.
Папа Франциск жаштар менен
Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху “Маса” долбоорунун мүчөлөрү менен сүрөткө түшүүдө, 30-март, 2014-жыл.
Бразилиянын президенти Дилма Русеф Рио-де-Жанейродогу метро станцияларынын биринин курулушунда. 2014-жылдын 2-апрели.
Мектеп окуучулары Германиянын канцлери Ангела Меркель менен. 2014-жылдын 31-марты.
Норвегиянын мурунку өкмөт башчысы Йенс Столтенберг жаштар менен.
Бириккен Араб Эмираттарынын Тышкы иштер министри Анвар Гаргаш (солдо) ирактык кесиптеши Хошияр Зебари менен. 2012-жыл.
Далай Лама менен сүрөткө түшүү. 20-февраль, 2014-жыл.
Мамлекеттик катчы Жон Керри кайсы бир иш-чарада сөз сүйлөө алдында студенттер менен сүрөткө түшүүдө. 16-февраль, 2014-жыл.
"УДАР" партиясынын лидери Виталий Кличко Лондондогу тарапташтарынын бири менен. 2014-жылы, 26-март.
Колумбиянын президенти Хуан Мануэль Сантос шайлоо алдындагы үгүт кампаниясы учурунда тарапташы менен сүрөткө түшүүдө.
Франция. Экс-президент Николя Саркози жубайы Карло Бруни менен жергиликтүү шайлоолордун биринде.
Франциянын президенти Франсуа Олланд АКШга болгон расмий иш сапары учурунда. 11-февраль, 2014-жыл.
Венесуэланын президенти Николас Мадуро актёр Шон Пенн жана Гаитинин премьер-министри Лоран Ламот менен. 2014-жылдын 9-марты.

Америкада бейсболчу Дэвид Ортиздин өзүн-өзү президент Барак Обама менен кошо сүрөткө тартып алуусу (селфи) талкуу жаратты. Ал тургай бул окуя Обаманын телефонго бирөөлөр менен түшкөн акыркы сүрөтү болуп калышы мүмкүн экени айтылууда.

Бейсболчу президент менен жолугушканда телефонуна тартып алган экөөнүн чогуу түшкөн сүрөтүн “Кандай сыймык! Селфи үчүн рахмат, Барак Обама!” деген жазуу менен Twitter аркылуу жарыялаган эле. Мындан кийин президенттик администрациянын өкүлдөрү Обаманын сүрөтү жарнамалык максатта колдонулганы үчүн “Samsung” компаниясына нааразычылык билдирген. Мындан ары Обама бирөөлөр менен телефонго сүрөткө түшпөй турганы айтылганын чет элдик ММКлар жарыялашкан. 

Канткен күндө да электорат менен кызматташуу үчүн селфи (өзүн-өзү телефонго сүрөткө тартуу) ири саясатчылар үчүн ыңгайлуу экенин төмөнкү сүрөттөрдөн көрүүгө болот. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: