Кубанычбек Кулматов дагы Түштүк магистраль-Тынчтык проспектинин кесилишиндеги май куюучу жайдын иштешине каршы








Бүгүн, 8-апрелде Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов борбор калаанын аймагында текшерүү иш сапарынын жүрүшүндө "Түштүк магистраль – Тынчтык проспектинин кесилишиндеги унаага май куюучу жайдын иштешине шаар жетекчилиги жол бербейт" деп айтты.
Анын айтымында, учурда бул маселе боюнча соттук иштер жүрүп жатат. 2014-жылы май куюучу жайдын ижарасы аяктайт. Мэрия аны улантууга каршы.
"АЗС техникалык эрежелерди бузуусу менен курулуп жатат. Мындан тышкары ал сейил бактын аймагында жайгаштылган. Жакында май куюучу жайды бузуу иштери башталат",- деп баса белгиледи Кулматов.
Эскерте кетсек, 2013-жылдын 19-ноябрында Бишкектин экс-мэри Иса Өмүркулов Бишкек шаардык кеңешинин жыйынында АЗСтын иштешине жол берилбесин жарыялаган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:29
2025-06-24
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
danok88

09.04.2014. 04:44
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
булар мамлекетке салыктын 30гана процент толошот бул менимче бнк болот окшойт алар жалпы продажадан 70пайызын не пробивает анан бир жумада бир щетчиктерди артка айландырышыт сменный отчет м.н фактический дал келбейт налогвыйдан келе турган болсо алдын ала малымат болот испоренияга деп не долив70грамм кармайт 10литрге анан канча жарылган учурлар катталса да чыгарышпайт оз алдынча очургон убактар болот да муну озубузтулор колдошот шаардын ичинен алдырыш керек канча испорение болот кобойуп кетти
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.