Бишкекте дзюдо боюнча Камил Арслановдун жаркын элесине арналган эл аралык мелдеш старт алды



Дзюдо боюнча эл аралык мелдештин жеңүүчүлөрү 9-апрелде аныкталат.

Бишкек шаардык спорт комитетинин жетекчиси Шейшенкул Бакиров сөз алып, спортчуларга ийгилик каалап өттү.

Мелдеш бир канча салмак категориясында өткөрүлөт.
Бүгүн, 8-апрелде Бишкектеги Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда спорт чебери Камил Арслановдун жаркын элесине арналып, жыл сайын өткөрүлүүчү дзюдо боюнча эл аралык мелдеш башталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 2001-2003-жылдар аралыгында төрөлгөн спортчулар арасында өтүп жаткан мелдеште Казакстан, Тажикстан жана Кыргызстан мамлекеттеринин спортчулары күч сынашмакчы. Мелдеш эртең, 9-апрелде жыйынтыкталат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.