super.kg logo

2-апрель түнү өрт кырсыгынан улам үй-жайсыз калгандарга материалдык жардам көрсөтүлдү (фоторепартаж)

 
Өрт кырсыгынан кийинки эки кабаттуу турак үйдүн абалы
Биринчи Май району өрт кырсыгынан улам үй-жайсыз калгандарга акчалай жардам көрсөттү.
Жабырлануучу Алтынай Шермекова
Өрт кырсыгынан кийинки эки кабаттуу турак үйдүн абалы
Өрт кырсыгынан кийинки эки кабаттуу турак үйдүн абалы
Өрт кырсыгынан кийинки эки кабаттуу турак үйдүн абалы
Мамлекет тарабынан 3 чатыр берилген. Бирок суук болгондуктан, аларда эч ким жашабай эле.
Өрт кырсыгынан жабыркагандардын көпчүлүгү туугандарыныкында жашап жатышат.

Бүгүн Биринчи Май райондук акимчилиги тарабынан 2-апрель түнү өрт кырсыгынан улам үй-жайсыз калгандарга материалдык жана акчалай жардам көрсөтүлдү. Анда аталган райондун акими Аскербек Алиев өрттөнүп кеткен документтерди калыбына келтирүүдө жардам көрсөтөрүн белгиледи.

Жабыркагандарга ар тараптуу жардамдар берилет. Бир-эки күндүн ичинде дарыгерлердин тобу келип, медициналык жардамдар көрсөтүлөт”,- деди район башчысы.

Ал эми жабырлануучу Алтынай Шермекова өрт бат эле жалындап күйүп кеткендиктен, керектүү документтерди алганга жетишпей калганын айтат. Өрттүн эмне себептен келип чыкканын билбей калдык. Бат эле жалындап күйүп кетти. Өрт чыккан учурда балам, жолдошум үчөөбүз үйдө болчубуз. Анан дароо эле экинчи кабаттан жерге секирип түштүк. Документтерибизди алганга жетишпей калдык.

Ар ким колдон келген жардамын берип жатат. Үч чатыр тигип беришкен, бирок суук болгондуктан, аларда эч ким жашабай эле. Өрттөнгөн үйлөрдү куруп беребиз деп эч ким айта элек. Учурда курулуш компаниялары менен сүйлөшүп жатабыз”,- деди ал.

Эске сала кетсек, 2-апрель түнү Бишкек шаарынын Манасчы Сагымбай көчөсү-168-дарегиндеги 2 кабаттуу көп батирлүү үйдө өрт кырсыгы катталган. Анда 8 батир толугу менен күйүп, эки адамдын өмүрү кыйылган.  

Азырынча тилсиз жоонун келип чыгуу себептери тактала элек.

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: