super.kg logo
  Саясат  

Судьяларды тандоо кеңешинин мүчөлөрүнүн жоопкерчилигин күчөтүү демилгеси тармактык комитетте колдоо тапты

 

Жогорку Кеңештин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетинде бүгүн, 8-апрелде Судьяларын тандоо боюнча кеңештин мүчөлөрүнүн жоопкерчилигин көтөрүүгө жана судьяларды тандоо жүрүмүн ыраатташтырууга багытталган мыйзам долбоору талкууланды. 

Демилгечилердин бири Галина Скрипкинанын айтымында, КРнын Конституциясында судьялар парламент тарабынан шайланары айтылып, аларды кайра чакыртып алуу нормасы камтылбай калган. Ошондон улам судьянын кылмыш жоопкерчилиги келип чыккан учурда анын талапкерлигин көрсөткөн фракцияга ал судьяны кайра чакыртып алуу укугу берилип жатат. 

Судьяларды тандоо жүрүшүндөгү 3 баскычтын баштапкы баскычында судьялыкка талапкерлерге упай берүү тартиби алынууда. Тандоодон өткөн, бирок судьялыкка бекитилбеген талапкерлер резервде турмакчы. 

Андан сырткары "КРнын Судьяларын тандоо боюнча кеңеш жөнүндө" мыйзамдагы "10 күндүн ичинде" деген түшүнүк "10 жумушчу күндүн ичинде" деп өзгөртүлүүдө. Башкача айтканда, Судьяларды тандоо кеңеши тарабынан сунушталган талапкерлердин тизмеси 10 жумушчу күндүн ичинде президентке жана Жогорку Кеңешке киргизилүүгө тийиш.

Мыйзам долбоорунун концепциясы колдоо таап, Жогорку Кеңештин кароосуна биринчи окууда алып чыгуу чечими кабыл алынды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: