super.kg logo
  Саясат  

Жоомарт Оторбаев: "Ачык-айкын иш алып барып, коомчулук менен бийликтин ортосунда диалог түзүшүбүз керек"

 

Өкмөттүн 8-апрелдеги жыйынында премьер-министр Жоомарт Оторбаев 2014-жылдын биринчи кварталындагы иштердин жыйынтыгы менен таанышты. Ошондой эле өкмөттүн программасын ишке ашыруу жана 2013-жылдагы аткарылган иштер боюнча отчёт даярдоо боюнча тапшырма берди.

Өкмөт башчы ЖКнын 3-апрелиндеги токтомуна ылайык, тез аранын ичинде ишке киришүүсү зарыл экенин баса белгилеп өттү. Премьер-министрдин айтымында, өкмөттүн программасы КРнын 2013-2017-жылдардагы өнүктүрүү стратегиясына болгон кадамдардын бири экенин айтып өттү. Мындан сырткары жаңы өкмөттүн принциптеринин бири болуп ачык-айкындуулук, калктын көрсөткөн ишеними экенин кошумчалады.

“Ачыктык менен гана бийлик менен коомчулуктун ортосундагы диалогду түзө алабыз. Ар бир жаран өкмөт кандай иштерди аткарып жаткандыгы тууралуу билиши керек”,- деди Оторбаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: